Ссылки доступа

Reuters: Өзбекстанга кире качкан ооган учкучтары өлкөдөн чыгарылууда


Ооган учкучтары жайгашкан Өзбекстандагы лагердин спутниктен тартылган көрүнүшү. 29-август 2021-жыл
Ооган учкучтары жайгашкан Өзбекстандагы лагердин спутниктен тартылган көрүнүшү. 29-август 2021-жыл

Өзбекстандын аймагына кире качкан ооган учкучтарынын айрымдары 12-сентябрда Бириккен Араб Эмираттарына (БАЭ) учуп кетти. Бул тууралуу Reuters агенттиги АКШда билим алган ооган учкучунун айткандарына таянып кабарлады.

Маалыматка караганда, учкучтарды Ооганстанга кайтаруу тууралуу талибдердин талабына карабастан, жекшемби күнү алар БАЭге учуп кетишкен.

Азырынча АКШнын Мамлекеттик департаменти, БУУ жана "Талибан" кыймылы бул маалымат боюнча комментарий бере элек.

Ишемби күнү The Wall Street Journal басылмасы ооган учкучтары АКШнын Катардагы аскердик базасына жөнөтүлүп, ал жактан башка өлкөлөргө жеткирилерин кабарлаган.

Reuters ооганстандыктар Өзбекстанга учуп келген А-29 үлгүсүндөгү 22 учак менен UH-60 Black Hawk үлгүсүндөгү 24 тик учактын тагдыры бүгүнкү күнгө чейин белгисиз экенин билдирүүдө.

15-августта "Талибан" Ооганстандын борбору Кабулду ээлеп алгандан кийин 585 ооган учкучу үй-бүлөлөрү менен Өзбекстандын аймагына кире качкан.

АКШнын азыркы жана мурдагы расмий адамдары буга чейин талибдер ооган учактары менен учкучтарын кайтаруу үчүн Өзбекстандын өкмөтүнө басым жасаганын билдиришкен. Өз кезегинде талибдердин өкмөтүн колдоп жаткан расмий Ташкент учкучтар үчүн алар менен мамилени бузгусу келбей, АКШдан бул маселени эртерээк чечүүнү суранган.

XS
SM
MD
LG