"Эгер бир эле окуучу ооруп калса, ал окуган класс толугу менен карантинге алынат деген алгоритм бекитилген. Эми алар эки жумадан кийин кайра мектепке кайтып, кадимки шарттарда билим алуусун улантышат", — деди Байжуманов.
Анын айтымында, окуу жылы башталгандан бери облуста 422 окуучуга жана 47 мугалимге коронавирус жуккан.
1-сентябрга карата Казакстандагы орто мектептердин көбүндө кадимки режимде окуу башталган.
Буга чейин бийлик октябрь айында 12 жаштан ашкан балдар менен кош бойлуу келиндер коронавируска каршы батыш өлкөлөрүндө өндүрүлгөн Pfizer/BionTech вакцинасы менен эмделе турганын билдирген. Саламаттык сактоо министрлиги эмдөөдөн өтүүгө эч ким мажбурланбастыгын, вакцина ата-энелердин уруксаты менен сайыларын белгилеген.