Ссылки доступа

Ооганстандан эвакуацияланган казактар Казакстандын беш аймагына жайгашат


Өткөн аптада Ооганстандан эвакуацияланган 35 казак өлкөнүн беш облусуна жайгашат. Булар: Павлодар, Қостанай, Акмоло, Чыгыш Казакстан жана Түндүк Казакстан облустары. Бул тууралуу Informburo сайты жазды.

Маалыматка караганда, Ооганстандан келген ар бир үй-бүлөгө 204 миң теңгеден бөлүнөт. Буга кошо бир жыл бою ай сайын 87 500 теңге каржылай жардам берилет.

Алматы шаардык социалдык коргоо департаментинин башчысынын орун басары Данияр Алкебайулынын айтымында, жогорудагы жеңилдиктер ооган казактары бийлик сунуштаган беш региондо жашоого макул болгон учурда гана берилет.

Буга чейин Ооганстандан алынып келинген казактар Алматыдагы конок үйлөрдүн бирине 24-сентябрга чейин жайгашканы айтылган.

Бийлик диплому барларга адистиги боюнча жумушка орношууга көмөктөшөрүн, билими жокторду атайын курстарда окутууну пландап жатканын белгилейт.

9-сентябрда казак бийлиги Ооганстандан 35 этникалык казакты алып келген.

Бул арада талибдер көзөмөлдөгөн Ооганстанда дагы жүздөгөн казак бар. Алар да Казакстанга алып кетүүнү сурашууда.

XS
SM
MD
LG