Ссылки доступа

Ооган качкындары Өзбекстанга Амударыя аркылуу өтүп жатышат (видео)


Өзбекстан Ооганстан жарандарынын өлкө аймагына мыйзамсыз кирүүсүнө жол бербөө боюнча катаал чараларды көрүп жатканына карабастан, ооган качкындары Амударыя аркылуу коңшу өлкөгө өтүп жатканы кабарланууда.

Өзбекстандын Сурхандарыя облусуна караштуу Музрабад районунун тургундары 12-сентябрда мамлекеттик чек арадан ооган качкындарынын кезектеги тобу мыйзамсыз өткөнүн билдиришти.

– 12-сентябрда болжол менен түнкү саат экилерде бир нече ооган чек арадан өтүп келгени кабарланды. Кечинде алар жергиликтүү тургундардын үйлөрүн каккылап, нан сурашкан. Чочуп кеткен үй ээси кыйкырып, коңшуларын жардамга чакырган. Аймакта жүргөн аскерлер сегиз ооганстандыкты кармаганы айтылды. Азыр алар Музрабаддын көчөлөрүн күзөтүп жүрүшөт, – деди тургундардын бири.

Дагы бир жергиликтүү жашоочунун айтымында, ооган качкындары дээрлик күн сайын чек арадан мыйзамсыз өтүп жатышат.

– Ооган качкындары дээрлик күн сайын чек арадан мыйзамсыз өтүп, аларды биздин аскерлер кармап жатканы айтылууда. Маалыматтарга караганда, алар түнкүсүн дарыядан сүзүп өтүп жатышат. Кармалгандар атайын лагерлерге жеткирилип, тамак берилгенден кийин кайра Ооганстанга кайтарылууда. Алар аскерлер же талибдер эмес, жөнөкөй оогандыктар экени айтылууда, – деди ал.

В Сурхандарье военные патрулируют улицы и разыскивают афганских беженцев
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:00:37 0:00

Өзбек бийлиги азырынча Ооганстан менен чек арасындагы акыркы абал боюнча комментарий бере элек.

Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) маалыматына ылайык, учурда ооган-өзбек чек арасы толук жабык, "Термез" көзөмөл-өткөрмө бекети аркылуу эч ким өткөрүлгөн жок. Мекеме буга чейин Өзбекстан талибдерден качкан ооган жарандары үчүн чек арасын ачууга даяр экендиги тууралуу маалыматтарды четке каккан.

"Озодлик" радиосу өз булактарына таянып кабарлагандай, бүгүнкү күндө Өзбекстан өз аймагына өзбек визасы бар ооган жарандарын гана киргизүүдө.

Күн мурун Өзбекстандын аймагына кире качкан ооган учкучтарынын айрымдары 12-сентябрда Бириккен Араб Эмираттарына учуп кеткени кабарланган. Өткөн жумада The Wall Street Journal басылмасы ооган учкучтары АКШнын Катардагы аскердик базасына жөнөтүлүп, ал жактан башка өлкөлөргө жеткирилерин жазган.

Маалыматтарга караганда, буга чейин "Талибан" кыймылы учкучтарын кайтаруу үчүн Өзбекстандын өкмөтүнө басым жасаган. Өз кезегинде расмий Ташкент учкучтар үчүн талибдер менен мамилесин бузгусу келбей, АКШдан бул маселени эртерээк чечүүнү суранган.

Мурдараак өзбек ТИМи өлкө бийлиги "Ооганстандын жаңы мамлекеттик органдары менен конструктивдүү диалогду жана өз ара аракеттешүүнү өнүктүрүүгө" даяр экенин билдирген.

Өз кезегинде талибдер өзбек бийлигинин бул билдирүүсүн жогору баалаган. "Талибандын" Анас Хаккани аттуу өкүлү "талибдердин жетекчилиги Кабулдагы убактылуу өкмөткө карата Өзбекстан ТИМи жасап жаткан позитивдүү кадамды баалай турганын" белгилеген.

XS
SM
MD
LG