Ссылки доступа

Душанбедеги ооган аялдары "Талибан" менен Пакистанга каршы митингге чыгышты


Тажикстанда жашаган ондогон ооган кыз-келиндери 14-сентябрда Ооганстандын Душанбедеги элчилигинин алдына чогулушту. Алар "Талибан" кыймылына жана Пакистандын Ооганстандагы аракетине каршылык билдиришти.

Чогулгандар "Пакистан, Ооганстандан кет", "Оогандарды өлтүрүүнү токтоткула", "Биз Ахмад Масудду колдойбуз" деген ураандарды чакырышты.

Тынч митингдин катышуучулары талибдер Пакистандын кийлигишүүсү менен өлкөнү басып алып, расмий Кабул жеңилди деп эсептешет. Исламабад Ооганстандын ички ишине кийлигишкенин жана "Талибанды" колдогонун четке кагып келет.

Нааразылык акциясынын катышуучулары эл аралык коомчулукту "Талибан" өкмөтүн тааныбоого жана Ахмат Масуд менен Улуттук каршылык фронтун колдоого үндөштү. "Талибан Эмиратын таануу- бул терроризмди таануу, аларды тааныгандар терроризмдин жактоочусу болот", деп билдиришти акция катышуучулары.

XS
SM
MD
LG