Ссылки доступа

Ош: Бабур театрынын толук реконструкциясы башталды


Театрдын толук реконструкциядан кийинки көрүнүшү.
Театрдын толук реконструкциядан кийинки көрүнүшү.

Ошто Бабур атындагы драма театрын толук реконструкциялоо иши башталды. Бул тууралуу шаар башкармалыгы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, жаңылоо иштери келерки жылдын башында жыйынтыкталат. Жалпысынан 5 миллион долларлык каражат сарпталат.

Театрдын имаратын Өзбекстан бөлүп бере турган каражатка толук жаңылоо тууралуу макулдашуу президент Садыр Жапаровдун быйыл жазында Ташкентке сапары учурунда кабыл алынган.

Бабур атындагы өзбек драма театры – Борбор Азиядагы алгачкы маданий жайлардын бири. Ал 1918-жылы ачылган, 2004-жылы президенттин жарлыгы менен ага академиялык деген макам ыйгарылган. Учурда театрдын чыгармачыл курамында 60тай адам бар.

XS
SM
MD
LG