Ссылки доступа

Алматыда Кытай консулдугунун алдына акцияга чыгып жаткан жарандарга чатыр тигүүгө тыюу салынды


Алматыда Шинжаңдагы лагерлерде камалып жаткан туугандарын бошотууну талап кылган жарандардын Кытай консулдугунун алдындагы акциясы уланууда.

13-сентябрь күнү кечинде полиция кызматкерлери акция катышуучуларын консулдук имаратына жакын жерге тигилген чатырды алууга милдеттендирди. Алар эки жумадан бери аталган чатырда түнөп келишкен.

"Полиция кызматкерлери аларга жергиликтүү тургундар арызданганын, жолдун жээгине чатыр тигүүгө болбой турганын айтышты. Мындан улам чатырларды алып, ачык асман алдында түнөдүк. Түнкүсүн суук болду, чатырда кыйла жылуу эле", – деди акция катышуучуларынын бири.

Халида Акытхан баштаган акция катышуучулары полициянын кысымына карабастан, консулдукка жакын аймактан кетпей, талаптарын айта беришерин билдирүүдө. Алардын айтымында, көпчүлүгү жашы жете элек балдарын үйлөрүнө таштап коюп, өздөрү көчөдө түнөп жүрүшөт.

Кытайдын Алматыдагы консулдугунун алдындагы акциялар быйыл 8-февралда башталып, жети айдан бери уланууда. Андан бери анын катышуучуларына кытайлык дипломаттардан эч ким чыга элек. Чогулгандар Кытай бийлигинен Шинжаңда калган туугандарынын Казакстанга келүүсүнө уруксат берүүнү талап кылышууда. Айрымдары жакындары Шинжаңдагы "саясий жактан кайра тарбиялоо лагерлеринде" кармалып турушканын айтышса, башкалары туугандары негизсиз айыптар менен узак мөөнөттөргө соттолгонун билдиришүүдө. Алардын арасында кытай бийлиги жакындарынын документтерин алып коюп, өлкөдөн чыгарбай жатканына даттангандар да бар.

Акция катышуучуларын бир нече ирет полиция кармап кетип, айып пул төлөөгө милдеттендирген.

Консулдуктун өкүлдөрүнөн жооп болбогондуктан, акциянын айрым катышуучулары өткөн айдан бери дипломатиялык өкүлчүлүк жайгашкан аймактан алыс эмес жерге чатыр тигип, ошол жакта түнөй башташкан.

Быйыл март айында Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү менен жолуккан кытай элчиси Чжан Сяо консулдуктун алдында акция өткөрүп жаткан адамдардын туугандары Кытайдын жарандары экенин жана алар "өлкө мыйзамдарын бузууга байланышкан аракеттери үчүн жазаларын өтөп жатканын" айткан. Акция катышуучулары элчинин бул айткандарын сынга алып, туугандарына тагылган айыптар негизсиз экенин билдиришкен.

Шинжаңда миллиондон ашуун мусулман азчылыгы диний жана этникалык маселеге байланыштуу кодулоого дуушар болгону тууралуу 2018-жылы БУУнун комитетинин баяндамасы чыккан. Эл аралык коомчулуктун басымына карабай, Кытайда уйгур, казак, кыргыз сыяктуу мусулман азчылыктарын кысымга алуу күчөп, "кайра тарбиялоо" лагерлеринин саны 40% өскөнүн австралиялык Стратегиялык саясат институту да изилдеген.

Кытай бийлиги муну четке кагып, лагерлерди "кесиптик даярдоо" жана "экстремизмге каршы күрөшкөн борборлор" деп сыпаттап келет.

Видео

Видео

XS
SM
MD
LG