Ссылки доступа

Ашхабадда Эгемендиктин 30 жылдыгынан алдында көчөлөрдү үй жаныбарларынан тазалоо жанданды


Ашхабадда Эгемендүүлүк күнүнүн алдында үй жаныбарларын кармоо кайрадан жанданды.

“Азаттыктын” түркмөн кызматы билдиргендей, коммуналдык чарба кызматында иштеген аялдарга мышыктарды, эркектерге иттерди кармоо милдеттендирилген.

Үй жаныбарларын кармоого шаар тургундары, анын ичинде балдар да тартылып жатканы айтылууда. Балдар мышыктарды кармап, аларды үй башкармалыктарына акчага өткөрүшүүдө.

Жаныбарларлын укугун коргоочулар породалуу иттерди кармоо да көбөйүп жатканын, бул өзүнчө бизнесе айланганын билдиришүүдө.

“Ит-мышыктар кыйналып өлүп жатышат. Жоголгон же атайлап уурдалган породалуу иттер гана аман калууда. Бизнес”, - деди ашхабаддык активисттердин бири.

Бул арада өлкөдө итке сыйынгандар бар. Президент Гурбангулы Бердымухамедов өзүн алабай тукумундагы иттерди таптоочу катары көрсөтүп келет. Аларга арнап бир нече ыр чыгарып, китеп да жазган. 2021-жылы түркмөн алабайынын урматына майрам уюштурулуп, "Эмгек сиңирген ит багуучу", "Эл ит багуучусу" наамдары негизделген.

XS
SM
MD
LG