Ссылки доступа

Анжияндык мигрант аэропортто жоголду


Шохжахон Хомидов
Шохжахон Хомидов

Анжиян облусунун Шахрихан районунун тургуну, 19 жаштагы Шохжахон Хомидов 9-сентябрда Ташкент аэропортунда дайынсыз жоголду.

Анын туугандарынын айтымында, Түркиядан келген жигит 8-сентябрда Москвага билет сатып алган, бирок аны учакка отургузушкан эмес. Жакындары Шохжахонду шаардагы аэропорттон кармап, белгисиз жакка алып кетишкен деп эсептешет.

"Ага, каттоодон өтүп жатканда эки киши мени кармап калды” деп айтып жатканда, нары жактан белгисиз киши иниме: "Телефонуңду өчүр, кайдагы ага?!" деп кыйкырды. Ошондон кийин Шохжахон менен байланыш үзүлүп калды", - деди Шохжахондун агасы Хурсандбек.

Ал бир сутка бою инисин издегенин, бирок натыйжа чыкпаганын белгиледи.

Шохжахон Хомидовду "Домодедово" аэропортунан тосуп алуу үчүн барган достору Ташкенттен учуп келгендердин арасында ал болбогонун ырасташты.

Жергиликтүү укук коргоочулар акыркы мезгилдерде бийликти сындаган саясий активисттер гана эмес, жөнөкөй мигранттар да куугунтукка учураган окуялар көп кездешип жатканын айтышууда.

2021-жылы майда Европа сотунун коргоосуна алынган саясий качкын Шохрух Базаровду Москвада полиция кармап кеткенден кийин, ал дайынсыз жоголгон. 34 жаштагы мигранттын туугандары Шохрухту Ташкентке алып кетишкенин айтышкан.

XS
SM
MD
LG