Ссылки доступа

Казакстан Шинжаң иликтөөчүсүн өлкөгө киргизбөө себебин түшүндүрүүдөн баш тартты


Евгений Бунин

Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети Шинжаңдагы куугунтуктоону иликтеген Евгений Бунинди өлкөгө киргизбөөнүн себебин түшүндүрүүдөн баш тартты. Атайын кызмат муну маалыматтын чектелүү мүнөзү бар экени менен түшүндүрдү.

Орус тектүү америкалык изилдөөчү, 36 жаштагы Евгений Бунин Кытайдагы мусулмандарга көрсөтүлгөн куугунтуктар жөнүндө маалымат топтоп, "кайра тарбиялоо лагерлеринин" мурдагы туткундарына жардам берип жүргөн.

Акыркы төрт жылдан бери Алматыда жашаган Бунин 4-сентябрда Бишкектен Алматыга учуп барган. Аэропорттон анын өлкөгө кирүүсүнө беш жылга тыюу салынганын айтышкан.

Human Rights Watch (HRW) эл аралык укук коргоо уюму Казакстанды Буниндин өлкөгө киришине уруксат берүүгө үндөгөн.

"Vласть" сайты буга чейин Улуттук коопсуздук кызматы маалымат алуу үчүн сотко кайрылууну сунуштаганын жазган. Жогорку сот Буниндин өлкөгө киришине тыюу салган токтомду таба алган эмес.

Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном районунда уйгур, казак жана кыргыздар баштаган мусулман жамааттарынын жүз миңдеген өкүлдөрү "саясий тарбия берүүчү лагерлер" деп аталган жайларга негизсиз камалып жатканы бир нече жылдан бери кабарланып келет.

Буга чейин АКШнын өкмөтү, Британия, Нидерланд, Канаданын парламенттери Кытайдын аракеттерин геноцид деп таанып, санкцияларды киргизген.

Бээжин Шинжаңдын тургундары диний же саясий көз карашы үчүн куугунтукталып жатканын четке кагып, алар кармалган лагерлерди кесипке үйрөтүүчү борборлор катары мүнөздөп келатат.

Видео

Видео

Кыргызчаны оңой үйрөткөн мугалим
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:11:07 0:00
XS
SM
MD
LG