Ссылки доступа

Түркмөнстанда коронавируска каршы вакцина алган жарандардан 10 манаттан талап кылынууда


Ашхабадда коронавируска каршы эмдөөдөн өткөндүгүн ырастаган сертификаттарды берүүдө жарандардан 10 манаттан (2,9 доллар) талап кылынууда. Ошол эле маалда аларга акча төлөнгөндүгү тууралуу дүмүрчөк берилген жок.

"Расмий түрдө коронавируска каршы вакцина калкка бекер сайылат деп айтылган. Бирок медицина кызматкерлери учурдан пайдаланып өз чөнтөктөрүн толтуруп жатышат. Алар эмдөөдөн өткөн кишилерден 10 манаттан талап кылып, бербегендерге вакцина алгандыгы тууралуу маалымкат жазып берүүдөн баш тартып жатышат. Акча төлөгөндөргө дүмүрчөк да беришкен жок", — деди Ашхабаддын аты-жөнүн билдиргиси келбеген тургуну.

Анын айтымында, маалымкат алгандан кийин жарандар ага мөөр бастырыш үчүн медициналык мекеменин жетекчилигине барышы керек болот. Алардан ал жерден да 1 манаттан талап кылынууда.

Бүгүнкү күндө Түркмөнстанда коронавирус менен ооругандар жана андан көз жумгандар болуп көрбөгөндөй көп катталууда. Мындан улам өлкөнүн бардык аймактарында калкты эмдөө иштери күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлүүдө.

Учурда вакцина алгандыгын ырастаган сертификаты жок жарандар жумушка барып иштей алышпайт. Мындан тышкары алардын учак жана поезд каттамдары менен жүрүүсүнө тыюу салынган.

Быйыл июлдун башында Түркмөнстанда коронавируска каршы жапырт эмдөө иштери башталган. Алгач бул үчүн Орусиянын өндүрүшүндөгү "Спутник V" вакцинасы колдонулса, кийин Кытайдын Sinopharm вакцинасы сайыла баштаган.

Видео

Видео

Спорт жана үй-бүлө: Изабековдордун жашоо философиясы
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:33:03 0:00
XS
SM
MD
LG