Ссылки доступа

Орусияда өзгөчө кырдаал учурунда жөнөкөй колдонуучулардын байланышын өчүрүп коюу пландалууда


Орусиянын Санариптик өнүгүү, байланыш жана массалык коммуникация министрлиги өзгөчө кырдаалдар учурунда жөнөкөй колдонуучулардын байланышын өчүрүп коюуга укук бере турган токтомдун долбоорун даярдады.

Министрлик мындай чара түйүндөрдүн ишин жеңилдетип, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, жоюу жана алардын кесепеттери менен күрөшүүдө приоритеттүү колдонуучуларды байланыш менен камсыздоо үчүн керек деп эсептейт. "Приоритеттүү колдонуучуларга" Коргоо, Ички иштер, Юстиция, Өзгөчө кырдаалдар министрликтери, коопсуздук, коргоо жана тышкы чалгын кызматтары, Росгвардиянын кызматкерлери кирет.

Токтомго менчик формасына, функционалдык багытына жана техникалык мүнөзүнө карабай, бардык байланыш түйүндөрү баш ийет.

Документти 2022-жылдын 1-мартынан баштап күчүнө киргизип, алты жылга чейин аткаруу пландалууда.

XS
SM
MD
LG