Ссылки доступа

Тажикстан талибдер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө ашыкпаган Ооганстандын жалгыз коңшусу бойдон калууда


Пакистан “Талибандын” Ооганстандагы ийгиликтерин ачык эле колдоого алып жатат. Кытай, Иран, Өзбекстан жана Түркмөнстан бийлиги бул өлкөнүн ички саясатына кийлигише албай тургандыктарын айтып, ошол эле маалда “Талибан” менен кандайдыр бир кызматташтык болушу мүмкүн деген үмүттөрүн билдирип келишет.

Ооганстан менен чектешкен бул мамлекеттердин азыркы жетекчилеринин эч кимиси Кабулда "Талибандын" бийлиги өкүм сүргүп турган 1996-2001-жылдары бийликте болгон эмес.

Тажик президенти Эмомали Рахмон болсо 1990-жылдардын аягынан бери эле талибдерге каршы согуш жүргүзүп келген Ооганстандагы этникалык тажиктерди колдойт. Азыр да талибдерге каршылык көрсөтүп жаткан Панжшердеги жоочуларга моралдык колдоо көрсөтүүдө.

Бүгүнкү күндө Ооганстан калкынын 25% жакынын тажиктер түзөт. Маалыматтарга караганда, Рахмон этникалык тажиктердин тагдырына тынчсыздануусун билдирүү менен өз өлкөсүндөгү рейтингин жогорулатууда. Талдоочулардын пикиринде, бул улуу баласы Рустамды президенттик кызматка даярдап жаткан мамлекет башчы үчүн өтө маанилүү учур болууда.

25-августта Рахмон Душанбе Ооганстанда түзүлө турган өкмөттүн курамына этникалык тажиктер кирбесе, аны тааныбай турганын билдирген. Эртеси Франциянын президенти Эммануэль Макрон Рахмонду Парижге келип кетүүгө чакырган. Бул көрүнүш "Талибандын" башкаруусуна карата ачык каршы пикир билдирүү менен белгилүү бир дивиденттерди алса болорун далилдеген жана Рахмон муну азыр жакшы түшүнүп турат.

XS
SM
MD
LG