Ссылки доступа

Кыргызстандын экономикасынын өсүшү басаңдоодо


Кыргызстандын ички дүң өнүмү (ИДӨ) 2021-жылдын январь-августунда 405 миллиард сомду түзүп, өткөн жылдын сегиз айына салыштырмалуу 0,7% азайды.

Бул сан өлкөнүн экономикасы пандемия башталгандан бери төмөндөп отуруп, бир жарым жылдын ичинде нөлдүк өсүшкө да жетепегенин билдирет. Бирок өткөн жылдын март айынан берки эң жакшы көрсөткүч.

Улуттук статистика комитеттин маалыматына ылайык, жыл башынан бери өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 7,3% азайган.

Терс тенденциялар курулушта байкалган, мында көлөмдүн төмөндөшү 9,1%, айыл чарбасында 4,9% түзөт. Дүң жана чекене соодада, тескерисинче, көлөмдөрдүн 10,9%га өсүшү байкалган.

8 ай ичинде инфляция 6,2% түздү. Тактап айтканда, азык-түлүк жана алкоголсуз суусундуктар 7,6% кымбаттады.

Тышкы соода жүгүртүү январь-июлда 3,8 миллиард сомду түзүп, жыл ичинде 19,6% өстү. Экспорт 16,5% төмөндөдү, импорт 40,3% өстү.

Буга чейин президент Садыр Жапаров Кыргызстан 2023-жылга карата ички дүң өнүмдүн пандемияга чейинки деңгээлине кайтып келүүнү сунуштаган. Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов өлкө экономикасында "оң жылыштар" бар экенин билдирген.

XS
SM
MD
LG