Ссылки доступа

Казакстанда Тажикстанга акысыз курал-жарак берүү тууралуу мыйзам долбоору мажилистин кароосуна киргизилди


Казакстанда Тажикстанга акысыз курал-жарак берүү жөнүндө мыйзам долбоору парламент мажилисинин кароосуна киргизилди. Бул тууралуу мажилистин эл аралык иштер жана коргонуу боюнча комитетинин төрайымы Айгүл Куспан билдирди.

Мыйзам долбоору расмий түрдө "Тажик-ооган чек арасына жакын аймактардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн аскердик-техникалык жардам берүү тууралуу Казакстан жана Тажикстан өкмөттөрүнүн ортосундагы макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" деп аталат.

Мажилис төрайымынын айтымында, бул макулдашууга быйыл 12-июлда Нур-Султан шаарында кол коюлган.

- Казакстан Тажикстанга бекер аскердик-техникалык жардам көрсөтүп жатат. Комиссия мыйзам долбоору боюнча чечим чыгарууга даяр, - деди Куспан.

Июлдун башында Казакстандын Коргоо министрлиги Тажикстанга аскердик жардам катары үч миллион даана курал-жарак берүүгө багытталган атайын мыйзам долбоору даярдалып жатканын билдирген.

Бул маалымат социалдык түйүндөрдө кызуу талкуу жараткандыгына байланыштуу Казакстандын Коргоо министрлиги ушундай эле жардам Кыргызстанга да берилип жатканын, мунун кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы жаңжалдарга байланышы жок экенин белгилеген.

XS
SM
MD
LG