Ссылки доступа

Өзбекстандын бакубаттуулук фондунан президенттин тууганына миллиондогон доллар которулган - иликтөө


Ойбек Умаров апасы Гюзяль Умарова менен
Ойбек Умаров апасы Гюзяль Умарова менен

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин тууганы менен байланышы бар корпорация өлкөнүн Мамлекеттик бакубаттуулук фондунан он миллиондогон доллар алган. Бул тууралуу “Озодлик” радиосунун иликтөөсүндө айтылат.

Маалыматка караганда, Мирзиёевдин күйөө баласынын иниси Ойбек Умаровго байланышы бар Orient Group корпорациясы ири өлчөмдөгү каражатты негизги инвестору деп эсептелген Өзбек-оман инвестициялык компаниясы (UOIC) аркылуу алган.

UOIC’нин уставдык капиталынын 75% Омандын инвестициялык башкаруусуна таандык. Калган 25% Өзбекстандын Реконструкция жана өнүгүү фондуна карайт.

Фонддун расмий сайтындагы маалыматка ылайык, былтыр анын капиталы 25 миллиард долларга жеткен. Андагы каражат өлкө экономикасынын негизги тармактарын өнүктүрүүгө жана жарандардын бакубаттуулугун камсыз кылууга арналган. Бирок "Озодлик" радиосу Ольстер университетинин кызматкери Кристиан Ласслетт менен бирге даярдаган иликтөөдө акыркы жылдары мамлекеттик каражаттын ири өлчөмү Orient Group корпорациясына берилип келгенин көрсөтөт.

Ласслетт UOIC фондунун 2016-жылдан 2020-жылга чейинки Өзбекстандагы инвестициялык портфелин изилдеп чыккан. Ага ылайык, бул аралыкта UOIC Өзбекстанга салган жалпы инвестициянын 86% же 161 миллион доллар Orient Group корпорациясына таандык компанияларга, ишканаларга жана долбоорлорго берилген.

Orient Group Өзбекстанда банк иштери, курулуш, соода, кыймылсыз мүлк жана футболдук клуб сыяктуу түрдүү тармактарда иш алып барган 58ден кем эмес компанияга ээлик кылат.

"Озодлик" радиосу иликтөөдө айтылган бул маалыматтар боюнча комментарий алуу үчүн UOIC жана Orient Group менен байланышып, бирок жооп ала алган эмес.

Иликтөөгө ылайык, Мирзиёев өлкөнүн Бакубаттуулук фондунун каражаты Orient Group корпорациясына берилгенин билет, анткени мыйзам боюнча бул сыяктуу бардык транзакциялар президенттин макулдугу менен ишке ашырылат.

XS
SM
MD
LG