Маалыматка караганда, талибдер түзгөн өкмөттүн башчысынын орун басары, кыймылдын негиздөөчүлөрүнүн бири Абдул Гани Барадар өкмөттө качкындар саясатына жооп берген Халил Рахман Хаккани менен урушуп кеткен.
Булактын айтымында, талаш талибдердин жыйындарынын биринде чыгып, Барадар жаңы өкмөттүн курамына нааразылыгын билдирген.
Мындан тышкары тараптар жеңиш талибдердин кимисине жазылышы керек экени боюнча бир пикирге келе албай араздашып кеткени айтылууда. Доха шаарында Ооганстандан АКШнын аскерлерин чыгаруу тууралуу макулдашууга кол койгон Барадар дипломатия жеңди деп эсептейт. Өз кезегинде "Хаккани түйүндөрү" деп аталган топтун өкүлү Халил Рахмон Хаккани болсо талибдердин ийгилигин куралдуу топтор камсыз кылды деген пикирди карманып келет.
Булактын ырасташынча, ортодогу чырдан кийин Барадар Кандагарга кетип калган.
Буга чейин социалдык түйүндөрдө жана индиялык ЖМКларда Барадар талибдердин ортосундагы жаңжалда оор жаракат алып, каза болгону тууралуу билдирүүлөр пайда болгон. 13-сентябрда "Талибан" Барадар өзүнүн өлүмү тууралуу маалыматтарды четке какты делген аудиожазуу тараткан.
Азырынча бул билдирүүлөрдүн бардыгы расмий ырастала элек. Бирок ооганстандыктардын көбү талибдердин айткандарына ишенбей турушат. Анткени 2015-жылы алар эки жыл бою "Талибандын" негиздөөчүсү жана башчысы Мулла Омардын өлүмүн жашырып жүрүшкөн. Бул аралыкта алар анын атынан расмий билдирүүлөрдү да жасап турушкан.