Ссылки доступа

Өзбекстан Орусиядагы курулуш иштерине 10 миң мигрант жөнөтөт


Курулуш тармагында иштөө боюнча пилоттук долбоордун алкагында 10 миң өзбекстандык эмгек мигранты жакынкы убакта жөнөкөйлөтүлгөн шартта Орусияга иштегенге жөнөтүлөт. Бул тууралуу Өзбекстандын Ишке орноштуруу жана эмгек мамилелери министрлиги кабарлады.

Маалыматка караганда, тиешелүү макулдашуу Орусиянын эмгек жана социалдык коргоо министринин орун басары Андрей Пудов башында турган делегациянын Ташкентке сапары учурунда жетишилген.

Долбоорго ылайык, орусиялык жумуш берүүчүлөр мигранттарды медициналык кароодон өткөрүүгө, эмдетүүгө, орус тили, Орусиянын тарыхы жана мыйзамдары боюнча сынактарды тапшырууга, патент алууга жана өлкөгө алып келүүгө байланышкан бардык чыгымдарды төлөп берет.

Коронавирусту аныктоо боюнча тесттер менен вакцина саюу иштерин эки өлкөнүн адистери биргелешип аткарышат. Эмдөө Орусиянын медициналык жабдуулары менен Өзбекстанда аткарылып, анын жыйынтыктары “COVID-19суз саякат” тиркемесинин системасына киргизилет.

Акыркы кездери чет өлкөлөргө Тышкы эмгек миграциясы боюнча агенттик жөнөтүп жаткан өзбекстандыктардын укуктары бузулуп жатканы тууралуу даттануулар көбөйгөн.

XS
SM
MD
LG