Ссылки доступа

ИИМ Сарыбаев бийликти күч менен басып алууга шектелип кармалганын билдирди


Ички иштер министрлиги (ИИМ) "АКБ Толубай" жабык акционердик коомунун директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү Алмаз Сарыбаев бийликти күч менен басып алууга шектелип кармалганын билдирди.

ИИМдин басма сөз кызматы 16-сентябрда тараткан маалыматка караганда, сотко чейинки өндүрүштүн алкагында бир нече тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

"ИИМдин Тергөө кызматынын өндүрүшүндө кылмыштарды жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган Жазык кодексинин 309-беренесинде ("Бийликти күч менен басып алуу") көрсөтүлгөн кылмыштын курамы боюнча материал иликтенип жатат. 2021-жылдын 15-сентябрында Жазык-процесстик кодекстин 98-беренесине ылайык, жогорудагы кылмышты жасоого шектүү катары А.С. дагы кармалып, Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген", - деп жазылган маалыматта.

Ушундай эле негизде 14-сентябрда ИИМдин мурдагы орун басары Курсан Асанов кармалган. Анын бөгөт чарасы сотто бүгүн каралат.

Мунун алдында интернетке ИИМдин мурдагы орун басар Асанов жана "АКБ Толубайдын" директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү Алмаз Сарыбаевдин телефондон сүйлөшүүсү делген аудио тараган. Анда ЖК депутаты Жанар Акаев, ИИМдин мурдагы жетекчиси Мелис Турганабевдин дагы аты аталган. Аталган аудиону "фейк" деп атап жатышат.

Ушуга улай 14-сентябрда мамлекеттик ЭлТР телеканалы "Президент Садыр Жапаровго жети облустан кайрылуу түштү" деген атайын материал көрсөтүлүп, кийин интернетте тараган. Анда "Туйгуналы Абдраимов, Бакыт Жетигенов, Курсан Асанов, Жанар Акаев, Азамат Мусакеев, Исмаил Исаков, Акматбек Келдибеков, Алтынбек Сулайманов, Жылдызкан Жолдошева ж.б. жарандар баштаган адамдар 17-сентбярь күнү 100 миң киши алып чыгып, бийликти алмаштырабыз" деп жатканы үчүн аларга чара көрүү талабы жазылган. Маданият ишмерлери кол койду деген кайрылууга байланыштуу аты аталган саясатчылар 15-сентябрда ИИМге сурак берип чыгышты.

Көп өтпөй кагазда аты аталган айрым адамдар кайрылууга кол койбогонун, мазмуну өзгөрүп кеткенин билдирип чыгышкан.

Каттын артында кимдер турганын аныктоону талап кылган экс-депутат, мурдагы коргоо министри Исмаил Исаков Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылуу жолдогон.

XS
SM
MD
LG