Файзабад райондук прокуратурасы июль айында денесине 26 жолу бычак сайылган Манора Абдуфаттохтун өлүмүн суицид деп атаган. “Өзүн өлтүрүүгө жеткирүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон, бирок шектүүлөр жок.
25 жаштагы Манора Абдуфаттохтун сөөгү 22-июнда өзү жашаган батирде табылган. Ал жерди күйөөсүнөн кетип калган соң ижарага алган. Трагедия учурунда ашканада үч баласы болгон. Улуусу беш жашта, кичүүсү алты айлык.
Суицид тууралуу корутунду менен келиндин жакындары макул болгон эмес. Алар 17-июлда Тажикстандын президентинин аппаратына, Башкы прокуратурага жана Ички иштер министрлигине кайрылып, ишти адилет иликтөөгө чакырышкан.