Ссылки доступа

Өзбекстанда атайын кызматтын экинчи жолу соттолгон экс-полковнигинин туугандары президентке кайрылышты


Өзбекстанда Улуттук коопсуздук кызматынын Кашкадарыя облустук башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Ибрагим Дехканбаев кайрадан камакка алынды. Ал буга чейин дээрлик жети жыл абакта отуруп, быйыл апрелде эркиндикке чыккан.

Жакындарынын айтымында, учурда Ташкент облусунун Зангиата районундагы түрмөдө камакта отурган экс-полковник кат жазуу жана телефон чалуу укугунан ажыратылган. Мындан тышкары ал абакта оор физикалык жумуштарды аткарууга мажбур болууда.

​22 жыл бою атайын кызматтын Ташкент, Жизак жана Кашкадарыя облустук башкармалыктарын жетектеген мурдагы полковниги 2014-жылы "Кызмат абалынан кыянат пайдалануу жана бийликтин аракетсиздиги" беренеси боюнча 16 жылга соттолуп, быйыл 6-апрелде шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыккан. Көп өтпөй ал президент Шавкат Мирзиёевге видеокайрылуу жасап, ырайым бергени үчүн ыраазычылык билдирип, "мурдагы системанын курмандыгы болгонун" айткан. Кайрылууда өзүнүн камалышына Улуттук коопсуздук кызматынын ошол кездеги төрага орун басары Шухрат Гулямовду, мекеменин жеке коопсуздук башкармалыгынын жетекчиси Рустам Назаровду жана Сурхандарыя облустук башкармалыгынын тергөө бөлүмүнүн башчысы Нодир Туракуловду айыптаган. Мындан тышкары Духканбаев абакта кыйноого алынганын да айткан.

Бул видеокайрылуу жарыялангандан кийин Ибрагим Дехканбаев Жазаларды аткаруу боюнча мамлекеттик кызматка бир нече жолу чакырылып, 5-июлдагы сурактан кийин имараттан чыккан эмес. Туугандары ал кайра камакка алынганын август айында гана угушкан. Аларга Дехканбаев мурдагы иши боюнча мыйзамсыз эркиндикке чыкканына байланыштуу соттолгонун айтышкан.

Ибрагим Дехканбаевдин жубайы Малохат Дехканбаева жакында президент Шавкат Мирзиёевге видеокайрылуу жасап, күйөөсү жасалма айыптоолордун негигинде камалганын айтып, аны бошотууну өтүнгөн. Анын айтымында, аларга күйөөсүнүн экинчи жаза мөөнөтү тууралуу бир да документ берилген жок. Мындан тышкары ал абакта күйөөсүнө катаал мамиле жасалганын айтып, далил катары бир нече документти жана денесиндеги көгала тактар тартылган сүрөттөрдү көрсөткөн.

Кашкадарыядагы эң таасирдүү адам деп эсептелген Дехканбаев 2014-жылы кызмат абалын кыянат пайдаланууга, мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирүүгө жана алдамчылыкка айыпталган. Мындан тышкары Дехканбаевге кылмыштуу топ түзүү айыбы тагылган. Анда бул топко тиешеси бар деген айып менен Улуттук коопсуздук кызматынын ондогон кызматкери соттолгон.

Жергиликтүү басылмалар "Дехканбаев Кашкадарыя жана Ташкент облустарындагы ишкерлерди көзөмөлдөп жүргөнүн жана бир нече миллион долларлык байлыгы бар экенин" жазышкан.

Апта башында Ибрагим Дехканбаев 2014-жылы декабрда "Пара алуу" жана "Кызмат абалынан кыянат пайдалануу" беренелери боюнча да күнөөлүү деп табылып, 15 жылга соттолгону белгилүү болду.

2015-жылы сот Дехканбаевдин ишин кайра карап, анын абактагы мөөнөтүнө дагы бир жыл кошкон.

Видео

Видео

XS
SM
MD
LG