Ссылки доступа

Армения Азербайжанга каршы БУУнун эл аралык сотуна кайрылды


Азербайжан жоокери. Тоолуу Карабак, 18-январь 2021-жыл

Армения Азербайжандын аракеттерине каршы Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) башкы сот органын доо арыз менен кайрылды. Анда Ереван Бакуну былтыр Тоолуу Карабактагы согуш маалында армян жарандарынын жана этникалык армяндардын укуктарын бузууга айыптаган.

БУУнун Эл аралык сотунун 16-сентябрдагы билдирүүсүнө ылайык, Армения Азербайжандын өкмөтү ондогон жылдар бою "армяндарга карата жек көрүү саясатын жүргүзүп", анын алкагында "армяндар расалык жактан басмырланып келгенин" билдирген.

"Бул укук бузуулар жарандыгына карабастан армян улутундагылардын бардыгына каршы багытталган. Мындай тажрыйба 2020-жылы сентябрда Тоолуу Карабактагы абал ачык каршылашууга өткөндө кайрадан биринчи планга чыккан. Бул согуштун жүрүшүндө Азербайжан Расалык басмырлоонун бардык түрлөрүн жок кылуу тууралуу эл аралык конвенцияны олуттуу бузган", — деп жазылган Армениянын доо арызында.

Азербайжандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Баку ушундай эле айыптар менен Арменияны сотко бермей болуп жатканын билдирди.

2020-жылдын күзүндө Армения менен Азербайжан Тоолуу Карабак аймагы үчүн алты жумадай согушкан. 7 миңдей адамдын өмүрүн алган жаңжал Армения, Азербайжан жана Орусия кол койгон ок атышууну токтотуу боюнча келишимден кийин басылган. Ага ылайык, расмий Ереван этникалык армяндар ондогон жылдан бери көзөмөлдөп келаткан жерлерди Азербайжанга кайтарып берген.

Видео

Видео

Тактазан жайлоосунан кен казуу каршылык жаратты
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:04:19 0:00
XS
SM
MD
LG