Ссылки доступа

"Талибандын" бийликке келиши тажик жүк унааларынын багытына таасир этти (видео)


Водители грузовых фур в Таджикистане сетуют на снижение заработка
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:16 0:00

Ооганстандагы акыркы окуялардан кийин бул өлкө аркылуу жүк ташуунун жолдору өзгөрдү. "Талибан" кыймылы бир ай мурда Ооганстан аймагынын көпчүлүк бөлүгүн, анын ичинде Тажикстан менен чек арасындагы көзөмөл-өткөрмө бекеттерди да өз көзөмөлүнө алган.

Ооган-тажик чек арасынын жалпы узундугу 1400 чакырымды түзөт. Түштүк жана Түштүк-Чыгыш Азиядан, анын ичинде Пакистан менен Ирандан Тажикстанга келе турган жүктүн баары "Төмөнкү Пянж" (Тажикстан) — "Шерхан-Бандар" (Ооганстан) көзөмөл-өткөрмө бекети аркылуу гана өтөт.

"Бүгүнкү күндө биздин жүк ташыган унааларыбыз "Шерхан-Бандар" өткөрмө бекетине чейин гана барып жатат. Андан ары жүктү ооган унаалары алып кетишет, биздин унааларга болсо ооган унаалары алып келген товарлар жүктөлөт", - деди Тажикстандын Транспорт министрлигинин өкүлү Хандонгуль Доробова.

Буга чейин тажикстандык жүк ташуу унааларына Кыргызстандын аймагына кирүүгө тыюу салынган. Коронавирус пандемиясынан улам алар Кытай менен Түркмөнстандын чек араларынан да өтө алышпайт.

Бул чектөө тажик айдоочуларынын каттамдарын кыскартканына карабастан, бийлик жалпысынан импорт менен экспорттун көлөмү азайбаганын билдирүүдө.

Буга чейин Түркиядан, Кытайдан, Ирандан жана Ооганстандан жүк алып келип иштеген Андрей Талаков азыр жумуш азайганын айтууда.

"Коңшу өлкөлөр жүк унаалары үчүн дайыма эрежелерди жана талаптарды өзгөртүп жатышат. Азыр унаалар Ооганстанга бара турган жүктү "Шерхан-Бандар" бекетине чейин, Кытайга бара тургандарын "Кульма" бекетине чейин гана жеткирип жатышат. Андан ары бул өлкөлөрдүн унаалары алып кетишет" - дейт Талаков.

Душанбелик 60 жаштагы Файзулло Наботов аттуу айдоочу буга чейин ал жума сайын Кыргызстандан Ооганстанга жүк ташып иштегенин, азыр жолдор жабылып, кирешесиз калганын билдирүүдө.

"Кыргызстан Тажикстан үчүн бардык жолдорду жапкан, Ооганстанда абал өтө кооптуу болуп турат. Ошол эле маалда Кыргызстан менен Өзбекстандын автоунаалары биздин аймакка тоскоолдуксуз келе алышат", - деди Наботов.

Бүгүнкү күндө жүк ташуу унааларын айдаган тажикстандыктар үчүн Казакстан менен Орусияга жол ачык.

Тажикстандын Транспорт министрлигинин маалыматына ылайык, акыркы бир жылдын ичинде чет өлкөлөр менен жүк ташуунун көлөмү 111% көбөйгөн.

XS
SM
MD
LG