Ссылки доступа

Түркмөнстанда дыйкандар мамлекетке өткөргөн пахта үчүн акча ала албай жатышат


Түркмөнстандын өкмөтү мамлекетке тапшырган пахта үчүн дыйкандарга акча төлөп бере албай жатат. Бул тууралуу "Азаттыктын" түркмөн кызматынын Лебап облусундагы кабарчысы билдирди.

Анын айтымында, Фарап районунда мамлекеттен ижарага жер алып иштеткен дыйкандар 20-августтан тартып өкмөткө пахта тапшыра баштаган. Адатта алар пахта терүүгө адамдарды жалдап, эмгек акыларын ар он күн сайын төлөп турушат. Бирок акыркы күндөрү мамлекет тараптан акча берилбей жаткандыктан, жумушчуларга акы төлөй албай калышкан.

Түркмөнстанда мамлекеттен ижарага жер алып иштеткен дыйкандар өкмөткө жыйылган пахтанын баарын өткөрүп берүүгө милдеттүү. Бул үчүн мамлекет аларга алдын ала белгиленген баада (1 килограмм үчүн 0,12 доллар) акча төлөп бериши керек.

Дүйнөлүк биржаларда пахтанын баасы кыйла жогору. Business Insider басылмасынын маалыматына караганда, 16-сентябрда дүйнөлүк базарда пахтанын 1 килограммы орточо 2,09 долларга бааланган.

Эл аралык укук коргоо уюмдары пахта терүүдө жарандарын мажбурлап иштеткени үчүн Түркмөнстандын өкмөтүн сындап келишет.

Август айында Мары облусунда бюджетте иштеген кызматкерлер, Лебап облусунда мугалимдер менен мектеп окуучулары мажбурлап пахта талааларына жөнөтүлүп жатканы кабарланган.

Августтун аягында түркмөн бийлиги пахта теримге алимент төлөбөй жүргөн жарандарды да мажбурлап жөнөтүп жатканы белгилүү болгон.

Быйыл Түркмөнстан 1 миллион 250 миң тонна пахта жыйноону пландап жатат.

Видео

Видео

XS
SM
MD
LG