Башкармалык кызматкерлер профилактикалык иш-чараларды жүргүзүп жүрүшкөнүн жана бул жарандардын сакалын мажбурлап алуу менен байланыштуу эмес экенин белгиледи.
"Профилактикалык иш-чара Коопсуз шаар программасынын алкагында жүргүзүлүүдө. Ал мыйзам бузуулардын алдын алууга, психотроптук жана банги заттардын тарашына бөгөт коюуга багытталган", – деп айтылат билдирүүдө.
Күн мурун соцтармактарда атайын бөлүктүн кызматкерлери "Малика" соода комплексин кыдырып жүрүшкөнү тартылган видео тараган.
Базардын соодагерлери атайын бөлүктүн кызматкерлери "сакалга каршы" кезектеги рейд өткөрүшкөнүн кабарлашкан.
– Бизди кылмышкер сыяктуу кармап, Шайхантахур райондук ички иштер башкармалыгына алып барып, сакалыбызды алууга мажбурлашты, – деди соодагерлердин бири.
Эки жыл мурун укук коргоо органдарынын кызматкерлери "Малика" соода комплексинде рейд өткөрүп, сакал койгондордун сакалдарын күч менен алдыртышкан. Алардын бул аракети коомчулук арасында кескин сынга кабылган.