Ахмад Масуд бир нече күндөн бери коомчулукка көрүнө элек. "Талибан" кыймылы Панжшер аймагында ири масштабдуу чабуул жасагандан кийин ал бир нече жолу аудиожазуу жолдогон. Али Назари фронттун маалымат катчысы Фахим Дашти өлтүрүлгөндөн кийин лидердин коопсуздугу күчөтүлгөнүн кабарлады.
Али Майсам Назари ушул тапта Панжшердеги райондордун көбү көтөрүлүшчүлөрдүн колунда экенин белгиледи. 6-сентябрда талибдер Панжшерди көзөмөлгө алганын жарыялаган. Али Назари "Талибан" жоочулары жалпы жолду гана бөгөп алганын, калган аймактар Ахмад Масуддун күчтөрүндө экенин айтты.
17-сентябрда ШКУ самитти учурунда Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон талибдер Панжшерге бара турган жолду толугу менен бууп алганын айткан. Буга байланыштуу азык-түлүк ташууга мүмкүн болбой, аймакта гуманитардык кризис башталганын билдирип, эл аралык коомчулукту жардам берүүгө үндөгөн.