Сатыбалдиев Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда дарыланып, бир апта мурун №47 абакка кайтканын ЖАМКнын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова 20-сентябрда "Азаттыкка" билдирди.
Экс-премьер-министр аталган ооруканага сентябрдын башында жаткан. Айрым маалымат каражаттары ал омурткасынан операция болгонун жазышкан.
Жантөрө Сатыбалдиев 2020-жылдын ноябрында жүрөгүнөн операция болуп, стенд койдурган. Ал Бишкек Жылуулук электр борборундагы коррупцияга айыпталып, жети жарым жылга камалган.