Ссылки доступа

Өзбекстанда калктын 16 пайызы коронавируска каршы толук эмдөөдөн өттү


Өзбекстанда чоң кишилердин 16 пайызы COVID-19га каршы толугу менен эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Өзбекстанда коронавирус инфекциясына карата жапырт эмдөө быйыл 1-апрелде башталган.

Расмий маалымат боюнча 15-сентябрга карата вакцинанын биринчи дозасын 10,2 миллион киши алды. Мындан тышкары чоң кишилердин 16 пайызы же 3,4 миллиону COVID-19га каршы толук эмдөөдөн өттү.

Өзбекстанда июлдун аягында милдеттүү эмдөө жөнүндө мыйзам кабыл алынган.

Буга чейин Санитардык-эпидемиологиялык кызматтын жетекчисинин орун басары Нурмат Атабеков курч инфекциялык жана инфекциялык эмес илдетке чалдыккандар, кош бойлуу жана бала эмизген аялдар, 18 жашка чейинки балдар, ВИЧ-инфекциясы барлар COVID-19​га каршы вакцина албай турганын билдирген.

XS
SM
MD
LG