Эгер паркта кыз-жигит жүрсө, полиция кызматкерлери аларга келип, чогуу отурууга тыюу салууда.
Алар биринчи жигитти чакырып, суракка алышат. Эгер ал жанындагы кыз карындашы же эжеси экенин айтса, полиция кызматкерлери паспорт жана туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн талап кылат. Эгер алар курсташ экенин айтышса, кармалгандар териштирүү иштери үчүн полиция бөлүмүнө жеткирилет. Бөлүмдө окуу жайдын жетекчилигине жана студенттердин ата-энесине кабар берилет.
Бул арада бир аптадан бери Ашхабад полициясы чолок шымчан аял-эркектерди да токтото баштады. Чолок шымчан адамдар банктарга киргизилген жок. Кармалгандарга полиция эскертүү берүүдө. Укук коргоо органдарынын кызматкерлери бул аракеттеринин себебин түшүндүргөн жок.
Түркмөнстанда мамлекеттик майрамдар жана ири иш-чаралардын алдында калкты көзөмөлгө алуу күчөйт. Ушул тапта өлкө эгемендиктин 30 жылдыгына даярданууда.