Ссылки доступа

Тажик студенттери Кыргызстандын Душанбедеги элчилиги алдында чогулушту


20-сентябрда өлкөдө окуган тажик студенттери Кыргызстандын Душанбедеги элчилигинин алдында чогулушту. Андан мурун алардын Бишкекке кирүүсүнө тыюу салынганы кабарланган.

Студенттердин айтымында, бир жагынан Кыргызстан менен чек ара жабык, экинчи жагынан мекенинде өз адистиги боюнча билимин улантууга уруксат берилген жок. Кыргызстан быйыл май айында Тажикстан менен чек арасын жапкан.

Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын бешинчи курсунун студенти Машрафи Мухаммадюсуф Бишкекке кете албай жатканын билдирди.

“Эгер жакында сабакка барбасак, бизди окуудан чыгарып салуулары мүмкүн. Кыргызстанда билим алуу үчүн жыл сайын 12-13 миң сомони төлөйбүз. Диплом алуу үчүн дагы эки жыл окушум керек. Эгер маселе чечилбесе, буга чейин алган билимим текке кетет”, - деди Машафи Мухаммадюсуф.

Элчиликтин алдына келген калган студенттер да ушундай эле көйгөйгө туш болгон.

Бул арада Билим берүү жана илим министрлиги Кыргызстанда окуп жаткан, окууга тапшырган жана мугалим болуп иштеген Тажикстандын жарандарына байланыштуу Министрлер кабинетинин буйругунун долбоору иштелип чыкканын кабарлады.

Ал тажик жарандарына Кыргызстандын аймагынан чыгууга жана өлкө ичинде жүрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Бул тартип этникалык кыргыздарга да тиешелүү.

Ушул тапта буйруктун долбоору тийиштүү мамлекеттик органдардан макулдашуудан өтүп жатканы белгилүү болду. Министрлик Тажикстанга бул тууралуу маалымат берилгенин кошумчалады.

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы боюнча, 2020-2021-окуу жылында Кыргызстандын жогорку окуу жайларында 2 миңдей Тажикстандын жараны билим алган.

Быйыл жаздагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыштан соң Кыргызстан Тажикстан менен чек араны бир тараптуу жапкан. 28-апрелден 1-майга чейин уланган калабада Кыргызстанда 36 адам көз жумган. Тажик тарап 19 киши каза тапканын билдирген.

Видео

Видео

Майыптардын камын көргөн Улукбек
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:51 0:00
XS
SM
MD
LG