Ссылки доступа

Казакстанда коронавирустун "эта-штаммы" аныкталды


Казакстанда коронавирустун "Эта" штаммы (кээде аны Нигерия штаммы деп аташат) аныкталды. Бул тууралуу шейшембиде саламаттык сактоо министри Алексей Цой "Фейсбук" баракчасына жазды.

"Саламаттык сактоо министрлиги быйыл июль-август айларында КВИ бейтаптарынан алынган оң лабораториялык жыйынтыктарды сквенирлөө ыкмасы менен коронавирустук инфекцияга генетикалык иликтөө жүргүзгөн. Анын жыйынтыгына ылайык, Казакстанда 96 үлгүдөн ар түрдүү штаммдар аныкталган. (Delta "Индия штаммы" — 57 (59,4%), Alpha "британ" — 24 (25 %), "Ухань" коронавирусу — 10 (10,4 %) жана Eta "Нигери" — 5 (5,2 %)", —деп жазды Цой.

Анын маалыматына караганда, "Эта" штаммы Караганды, Павлодар, Маңгыстоо облустарында жана Нур-Султан шаарында аныкталган.

"Эта" штаммынын клиникалык белгилери "Альфа" жана "Бета" штаммдарындай эле жогорку температура, жөтөл, жыт жана даам сезүүнүн жоголушу, өнөкөт оорулардын күчөшү болуп саналат.

Видео

Видео

Тактазан жайлоосунан кен казуу каршылык жаратты
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:04:19 0:00
XS
SM
MD
LG