Бул тууралуу курамына жергиликтүү кеңештин депутаттары, маале жашоочулары жана укук коргоочулар кирген атайын комиссиянын баяндамасында айтылат.
Алардын бири Мирзаабад районунда жашаган 32 жаштагы Ильяс Хамзакулов. Атайын комиссиянын корутундусуна ылайык, ал “суу жууп кеткенин үйүнүн ордуна үч бөлмөлүү турак жай алышы керек болчу.” Учурда Хамзакулов үй-бүлөсү менен атасынын үйүндө жашап жатат.
– Мен жаңы үй куруп, кырсык болордун алдында эле көчүп киргем. Бирок суу баарын жууп кетти. Анын ордуна мага эч нерсе берилген жок. Документтерим жайында эмес экенин айтышты, – деди ал.
Комиссиянын баяндамасында негизсиз турак жай алган жана үй берилбей калган тургундардын аты-жөнү, дареги жана үй-бүлө мүчөлөрү тууралуу маалыматтар жазылган. Мирзаабад районунда кырсыктан жабыркабаган эле тургун “бир тууганы маале төрагасы экенинен пайдаланып”, негизсиз үй алып алганы белгиленген.
Мындан тышкары баяндамада Сардаба суу сактагычындагы кырсыктан кийин жабыркаган 18 үй-бүлөгө материалдык жардам катары 40 миллион сумдан (4 миң доллар) берилип, бирок көп өтпөй жергиликтүү бийлик ал каражатты кайра алып койгону көрсөтүлгөн.
Комиссия жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө негизсиз берилип кеткен үйлөрдү кайра алып, суу ташкынынан чындап жабыркаган тургундарга берүүнү, ошондой эле “алдамчылык жол менен алынган материалдык жардамды тургундарга кайтарып берүүнү” сунуштаган.
Комиссия мүчөлөрүнүн бири Сырдарыя облустук прокуратурасы баяндамада көрсөтүлгөн маалыматтарды текшере баштаганын билдирди.
Сырдарыя облусундагы Сардаба суу сактагычы былтыр 1-майда жырылып кетип, алты киши каза болгон. Анын кесепетинен Акалтын, Мирзаабад жана Сардаба райондорунда 2 570 жеке жана 76 көп кабаттуу үй бузулуп, 1781 жеке жана 52 көп кабаттуу үй жарым-жартылай жабыркаган.