Мунир Абдулхамидов терроризм жана экстремизмге айыпталган бир нече өзбекстандык менен байланышта болгонун, андан тышкары "Группа24" тобунун ишине катышканын мойнуна алган. Ал Орусиядан Тажикстанга май айында тажик бийлигинин суроосу менен экстрадицияланган жана жарандыктан ажыратылган. Бир күндөн кийин ал эч жакка чыкпоо талабы менен бошотулган.
Мунир анын иши беш ай иликтенгенин, күнөөсү жоктугу аныкталгандан кийин бошотулганын билдирди. Тажик бийлиги анын камалышы жана кайра бошотулушу боюнча түшүндүрмө берген жок. "Группа 24" тобунун өкүлдөрү Мунир Абдулхамидов алар менен кызматташпаганын билдиришти.
Мунир Абдулхамидовдун айтымында, Орусияда агасы өлкөдө жүрүү тартибин бузганы үчүн камалган. Мунир ага тамак жеткирип турган жана жанындагылар менен телефон аркылуу сүйлөшкөн учурлары болгон. Кийинчерээк алардын терроризмге айыпталганын билген. Бул үчүн ал террорчулар менен кызматташууга шектелген.