Ссылки доступа

АКШ Мамдепартаменти менен Британия ТИМи Орусиядагы шайлоо боюнча билдирүү таратты


АКШнын Мамлекеттик департаменти 20-сентябрда 17-19-сентябрь күндөрү Орусияда Мамдума жана жергиликтүү бийлик органдарына өткөн шайлоонун жыйынтыгы боюнча билдирүү таратты.

Мамдепартаменттин сайтында жарыяланган билдирүүдө шайлоо эркин, ачык-айкын өтпөгөнү белгиленген. Мындан тышкары Орусия бийлиги "экстремисттик уюмдар", "чет элдик агенттер” жөнүндө мыйзамдарды колдонуу менен саясий плюрализмге чектөө койгону, орус элине жарандык жана саясий укуктарын ишке ашырууга жол берилбегени айтылган.

Мамлекеттик департамент бул аракеттердин баары Орусиянын эл аралык милдеттенмелерине каршы келерин эске салган.

"Биз Орусияны эл аралык милдеттенмелерин аткарып, адам укуктары менен анын негизги эркиндиктерин сыйлоого, мындан тышкары жарандык коомго, саясий оппозицияга жана көз карандысыз ЖМКларга басым жасоону токтотууга чакырабыз", деп айтылган билдирүүдө.

Мамлекеттик департамент суверендүү украин аймагында – аннексияланган Крымда жана Донбасс менен Луганскта Мамлекеттик думага өткөн шайлоону тааныбай турганын да баса белгилеген.

Улуу Британия ТИМи да ушундай эле билдирүү жасаган.

Орусияда добуш берүү үч күнгө созулду. Кремлдин колдоосуна ээ "Бирдиктүү Орусия" партиясы шайлоодо жеңгенин жарыялап, Мамлекеттик думадагы орундардын үчтөн экисин алганын билдирди.

Добуштардын 90% саналгандан кийин "Бирдиктүү Орусия" партиясы 49,66% алганын Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди. Коммунисттик партияны шайлоочулардын 19,56% колдоду. Ал эми Либерал-демократиялык партия 7,5% алса, "Адилеттүү Орусия" 7,38% топтой алды. Ошондой эле бул ирет "Жаңы адамдар" партиясы добуштардын 5,3% менен Мамлекеттик думага өттү.

Видео

Видео

Тактазан жайлоосунан кен казуу каршылык жаратты
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:04:19 0:00
XS
SM
MD
LG