Ссылки доступа

Чек ара жаңжалына байланыштуу Лейлектин үч тургуну абакка кесилди


Баткендеги чек ара жаңжалына байланыштуу кармалган Лейлектин үч тургунуна сот өкүмү чыкты.

"Азаттыктын" кабарчысы жеринен билдиргендей, Акмалжон Исоев 15 жылга, Аюбжон жана Амонжон (фамилиялары азырынча "Азаттыкка" маалым эмес) аттуу айыпталуучулар сегиз жарым жылга кесилди. Алардын жакындары жогорку инстанцияга кайрыла турганын айтышты.

Куралдуу кагылышта кыргызстандыктардын үй-жайын талап-тоноого шек саналгандардын иши Баткен облусунун Лейлек райондук сотунда 21-сентябрда каралды.

15-сентябрдагы отурумда Тажикстандын эки жараны - Абдурозик Каххоров менен Аскар Юнусов өмүрүнүн аягына чейин камалган. Аларды Кыргызстандын күч органдары быйыл майда кармаган.

Быйыл апрелдин аягында жана майдын башында болгон Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара аймагындагы куралдуу жаңжалда эки тараптан ондогон жаран каза болуп, үйлөр жана башка объектилер өрттөлгөн. Эки өлкөнүн күч органдары кылмыш иштерин ачкан.

XS
SM
MD
LG