Ссылки доступа

Өзбекстан Ооганстан менен транспорт байланышын калыбына келтирүүгө ниеттенип жатат


Өзбекстан Ооганстан менен автоунаа жана темир жол байланышын калыбына келтирет. Бул тууралуу ТАСС агенттиги өзбек президентинин Ооганстан боюнча атайын өкүлү Исматулла Иргашевге шилтеме кылып кабарлады.

"Албетте биз Ооганстан менен автоунаа жана темир жол байланышын калыбына келтиребиз. Азыр пандемия маалында ооганстандыктар азык-түлүк менен дары-дармекке өтө муктаж болуп турат. Бул каражаттар Ооганстанга автоунаа жана темир жол менен гана жеткирилүүдө", – деди Иргашев.

Ал ошол эле маалда кезинде Ооганстан менен чек ара коронавирус пандемиясына байланыштуу гана жабылганын, мунун башка себептери болбогонун белгиледи.

"Азыр бул чектөөлөр канчага чейин созуларын айтуу кыйын. Ал Ооганстандагы санитардык-эпидемиологиялык абалдын жакшырышына гана эмес, андагы бийлик органдарынын калыптанышына да байланыштуу. Министрликтер жана башка органдар түзүлүшү керек. Анткени азыр түзүлгөн өкмөттү талибдер өздөрү убактылуу деп айтып жатышат", – деди Иргашев.

Өзбекстан менен Ооганстандын ортосундагы автоунаа жана темир жол байланышы 2020-жылы мартта, Өзбекстанда коронавирус жуктурган алгачкы учур катталганда токтотулган.

Видео

Видео

XS
SM
MD
LG