Ссылки доступа

Москвадагы түркмөн элчилиги Бердымухамедовдун "комага түшүп калганы" тууралуу билдирүүнү четке какты


Түркмөнстандын Орусиядагы элчилиги түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун саламаттыгы начарлап кеткени тууралуу маалыматтарды четке какты. Бул тууралуу Орусиянын РБК басылмасы кабарлады.

"Түркмөнстан президентинин саламаттыгы начарлап кеткени тууралуу бир катар ЖМКлар тараткан билдирүүлөр туура эмес жана чындыкка дал келбейт", деп билдирген түркмөн элчилигинин өкүлү.

Бердымухамедов комага түшүп калганы тууралуу билдирүүлөр 21-сентябрда бир катар орусиялык Telegram-каналдарда пайда болгон. Өз билдирүүлөрүндө алар түркмөн оппозициясына шилтеме кылышкан.

20-сентябрда Түркмөнстандын мамлекеттик телеканалы Бердымухамедов видеобайланыш аркылуу катышкан өкмөттүн кеңейтилген жыйыны тууралуу кабарлаган.

Түркмөнстан президентинин саламаттыгы начарлап кеткени тууралуу ушактар буга чейин да бир нече жолу пайда болгон. Аларга президенттин коомчулук алдына чыкпай калышы себеп болуп келген.

2019-жылы июль-август айларында Бердымухамедов дээрлик бир ай коомчулуктун назарына чыкпай, анын катуу ооруп калганы жана каза болгону тууралуу ушактар жаралган.

Кийинки жумада Түркмөнстан өлкө Эгемендигинин 30 жылдыгын массалык иш-чаралар менен белгилөөнү пландап жатат.

XS
SM
MD
LG