"Өзбек форуму" деп аталган укук коргоо уюму 21-сентябрда Германияда жарыялаган баяндамасында өкмөттү сындап жүргөндөрдүн арасында бери дегенде эле жети кишинин психиатриалык ооруканага жаткырылганын эске салды.
"Өзбек форумунун" жетекчиси Умида Ниязова чынында мындай учурлар алда канча көп экенин айтты.
– Биз өтө көп учурларды иликтедик. Акыркысы Давид Багманянга тиешелүү. 2019-жылы анын үй-бүлөсүнө караштуу эки имарат жана дүкөн түрттүрүлгөндөн кийин ал президенттин Элдик кабылдамасына арызданган. Мындан соң ишкерди дарыгердин эмес, акимдин сунушу менен психиатриалык ооруканага жаткырышкан. Сот Багмаяндын акыл оорусуна чалдыкканы жөнүндө чечим чыгарат, мындай жол менен алар анын оозун басууга аракет жасашты. Чынында, мындай окуялар көп, – деди Ниязова.
"Өзбек форумунун" баяндамасында нааразылык акцияларын уюштурган жана аны чагылдырган блогер Нафосат Оллашукурова менен акын, журналист Махмуд Ражабдын кармалып, он суткага камалганы да белгиленген.
Административдик камактын мөөнөтү бүткөн соң сот Оллашукурованы психоневрологиялык диспансерге жаткыруу чечимин чыгарган.
Бийликти сындагандарды куугунтуктоо жана аларды психиатриалык ооруканаларга жаткыруу тажырыйбасы Өзбекстанда мурдагы президент, маркум Ислам Каримовдун тушунда кеңири колдонулуп келген.