Ссылки доступа

Түркмөн жарандык коому ДССУдан бийликти өлкөдө COVID-19дун бардыгын мойнуна алдырууга мажбурлоону өтүндү


Түркмөнстандын жарандык коому Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна (ДССУ) кайрылып, түркмөн бийлигин өлкөдө COVID-19 эпидемиясы бар экенин мойнуна алууга мажбурлоону өтүндү.

Каттын авторлору түркмөн бийлиги илдеттин жана өлүмдүн масштабын жашырып жатканын белгилешкен. Алардын маалыматына караганда, ооруканалар бейтаптарга толуп, адамдарда стационардык дарылануу үчүн акча жок болууда.

"Бизге COVID-19 инфекциясынын белгилери болгон жана коронавирустун кесепеттеринен улам өлгөн ондогон кишинин аты-жөнү белгилүү. COVID-19дан өлгөндөрдүн саны алда канча көп, бирок муну тастыктоо кыйын. Себеби алардын туугандары жана медицина кызматкерлери маалымат бөлүшүүдөн коркушат", – деп айтылган кайрылууда.

Жарандык активисттер Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму түркмөн бийлигинен бейтаптардын биологиялык материалдарын экспертизадан өткөрүү боюнча берген убадасын аткартууну талап кылышы керектигин белгилешүүдө.

21-сентябра айрым ЖМКлар Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов комага түшүп калганын жазышкан. Бирок өлкөнүн Москвадагы элчилиги бул маалыматты төгүндөгөн.

Түркмөнстан бийлиги ушул кезге чейин өлкөдө коронавирус жуктурган учур катталганын мойнуна ала элек.

Видео

Видео

XS
SM
MD
LG