Ссылки доступа

Эрдоган Түркия Крымдын аннексиясын тааныбай турганын дагы бир жолу билдирди


Түркиянын президенти Режеп Эрдоган
Түркиянын президенти Режеп Эрдоган

Анкара Украинанын аймактык бүтүндүгүнүн сакталышын колдойт жана Крымдын Орусия тараптан аннексияланышын тааныбайт. Бул тууралуу Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган БУУнун Башкы ассамблеясынын 76-сессиясында сүйлөп жатып билдирди.

Буга чейин Түркиянын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) аннексияланган Крымда өткөн Мамдумага шайлоону таануудан баш тарткан. "Жарым аралдагы шайлоонун жыйынтыктары Анкара үчүн юридикалык күчкө ээ эмес, анткени Түркия Крымдын Орусияга кошулушун мыйзамсыз деп эсептейт", деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Кремль Түркиянын шайлоону тааныбоо тууралуу чечимин ылайыксыз деп атап, Орусиянын ТИМи мындан тиешелүү жыйынтык чыгарууну убадалаган. Орус президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Москва Крымды таануу боюнча Анкара өз позициясын өзгөртөт деп үмүттөнүп жатканын билдирген.

21-сентябрда Режеп Тайып Эрдоган Нью-Йоркто Украинанын президенти Владимир Зеленский менен жолугуп, Крымдагы гуманитардык абалды талкуулады. Лидерлер аскердик кызматташтык жөнүндө сүйлөшүп, эки өлкө ортосунда эркин соода жүргүзүү тууралуу макулдашууга кол коюу зарылдыгын белгилешти. Мындан тышкары жолугушууда камактагы жарандардын, анын ичинде крымдык татарлардын бошотулушуна Түркия кандай жардам бере алары жөнүндө да сөз болду.

Эрдоган буга чейин да Түркия Крымдын аннексиясын тааныбай турганын бир нече жолу айткан.

XS
SM
MD
LG