Ссылки доступа

Талибдер түрмөдөн кылмышкерлерди бошоткондон кийин мурдагы прокурорлор жашынууга аргасыз болушууда


Ооганстандын мурдагы өкмөтүндө иштеген прокурорлор эми аларды кылмышкерлер коркутуп жатканын билдиришүүдө. Алар азыр жашынып жүрүүгө аргасыз. Коркутуп-үркүтүүлөр “Талибан” жоочулары түрмөдө камалгандарды бошоткондон кийин башталды.

Хумаюн Ооганстанда бийлик кулаганга чейин өлкөнүн түштүк аймагындагы Гильменд провинциясындагы олуттуу кылмыштарды иликтеген. Бул региондо дүйнөдөгү апийимдин негизги бөлүгү өсөт жана героин кайра иштетилет. Хумаюн мыйзамсыз маңзат соодасы менен алектенгендердин ишин иликтеген.

Мурдагы прокурор түрмөгө камаган кылмышкерлер азыр аны коркутуп-үркүтүшүүдө. Анын айтымында, түрмөдөн чыккандар андан төлөгөн айып пулдарын жана конфискацияланган мүлктөрүн кайтарып берүүнү талап кылышууда.

Ооганстандын баардык аймактарында мурдагы прокурорлор ушундай эле опузага туш болгонун билдиришүүдө.

“Азаттыктын” ооган кызматы түрмөдөн чыккан кишилер өч алуу максатында кеминде үч мурдагы прокурорду өлтүргөнүн кабарлады.

Улуу Британия Кабулда өзгөчө оор кылмыштарды караган айрым прокурорлорду жана трибунал сотторун Манчестер жана башка шаарларга эвакуациялады.

XS
SM
MD
LG