Ссылки доступа

British Airways учагы борттогу өлүмгө байланыштуу Ташкенттеги аэропортко конууга аргасыз болду


Исламабад-Лондон каттамын аткарып жаткан British airways учагы борттогу өлүмгө байланыштуу Ташкенттеги аэропортко конууга арасыз болду. Бул тууралуу РИА «Новостиге» аэропорттун кызматкери билдирди.

Ушул тапта жүргүнчүлөр аэропорттун терминалдарынын биринде жана учуу убактысын күтүүдө.

«British airways авиакомпаниясынын Boeing-777 учагы жүргүнчүнүн өлүмүнө байланыштуу Ташкентке конууга аргасыз болду», – деп билдирди аэропорттун кызматкери.

Алдын ала маалыматтар боюнча жүргүнчүнүн өлүмүнө анын жүрөгүнүн токтоп калышы себеп болгон. Өлгөн аял кайсы мамлекеттин жараны экени айтылган жок.

Видео

Видео

Тактазан жайлоосунан кен казуу каршылык жаратты
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:04:19 0:00
XS
SM
MD
LG