Ссылки доступа

Токаев Казакстан БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешине тандалса, анын ишине «реалдуу салым» кылууну убадалады


Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев БУУнун Башкы ассамблеясынын 76-сессиясынын катышуучуларына видеокайрылуу жасады. Ал уюмдун расмий сайтына да жарыяланды.

Токаев өз сөзүндө казак өкмөтү "адам укуктары тармагындагы негизги чаралардын" планын бекиткенин жана Казакстан 2022-2024-жылларга БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешине талапкерлигин койгонун билдирди.

«Казакстандын талапкерлиги жактырылып калса, өлкө Кеңештин ишине реалдуу салым кошууга аракет кылат», — деди Токаев. Ошол эле маалда эл аралык укук коргоо уюмдары адам укуктары бузулуп жатканы үчүн Казакстанды сындап келишет.

Өз сөзүндө Токаев коронавирус пандемиясынын кесепеттерин жоюуга, климаттык каатчылыкка жана Ооганстандагы гуманитардык абалга да токтолду.

Президент дүйнө элдеринин вакцинага жетүү мүмкүндүктөрүн кеңейтүүнү сунуштап, Казакстан COVAX программасынын алкагында өз вакцинасы менен бөлүшүүгө даяр экенин белгиледи.

21–27-сентябрь күндөрү БУУнун Нью-Йорк шаарындагы кеңсесинде Башкы ассамблеянын 76-сессиясы өтүп жатат. Анда айрым өлкөлөрдүн лидерлеринин алдын-ала жаздырылган видеокайрылуулары көрсөтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG