Ссылки доступа

Казакстанда Кытай элчилигинин алдына акцияга чыккан жарандар кармалды


23-сентябрь күнү кечинде Шинжаңдагы лагерлерде камалып жаткан туугандарын бошотууну талап кылып Кытайдын Казакстандагы элчилигинин алдына акцияга чыккан ондогон киши кармалды.

Алардын арасында иниси Кытайдын Шинжаң аймагында камакта жаткан активист Байболат Кунболатулы да бар. Полиция кызматкерлери аны Facebook баракчасында түз эфирге чыгып жаткан маалда кармап кетишти.

"Полиция элчиликтин алдына акцияга чыккан бардык аялдарды кармап кетти. Алар каякка жеткирилгени белгисиз", — деп билдирген ал бир мүнөттүк видеосунда.

Нур-Султан шаардык полиция департаментинен аларда акция катышуучуларынын кармалганы боюнча маалымат жок экенин, кийинчерээк билдирүү болорун кабарлашты.

Жакындары Шинжаңдагы лагерлер менен түрмөлөрдө күч менен кармалып турганын айткан онго жакын адам апта башынан бери Кытайдын Нур-Султандагы элчилигинин алдына топтолуп, бул өлкөнүн элчиси Чжан Сяонунун Казакстандан чыгып кетишин талап кылып жатышкан. Алар 22-сентябрда дипломатиялык өкүлчүлүктүн алдында түн жарымга чейин туруп, сууктан улам үйлөрүнө тарап кетүүгө аргасыз болушкан. Чогулгандардын көбүн пенсия курагындагы улгайып калган аялдар түзөт.

23-сентябрда алар алгач БУУнун Нур-Султандагы кеңсесине барып, уюмдун баш катчысы Антониу Гутерриштин атына жазылган катты тапшырышкан. Андан соң Кытай элчилигине барышкан.

Кытайдын Алматыдагы консулдугунун алдындагы акциялар быйыл 8-февралда башталып, жети айдан бери уланууда. Андан бери анын катышуучуларына кытайлык дипломаттардан эч ким чыга элек. Чогулгандар Кытай бийлигинен Шинжаңда калган туугандарынын Казакстанга келүүсүнө уруксат берүүнү талап кылышууда. Айрымдары жакындары Шинжаңдагы "саясий жактан кайра тарбиялоо лагерлеринде" кармалып турушканын айтышса, башкалары туугандары негизсиз айыптар менен узак мөөнөттөргө соттолгонун билдиришүүдө. Алардын арасында кытай бийлиги жакындарынын документтерин алып коюп, өлкөдөн чыгарбай жатканына даттангандар да бар.

Полиция буга чейин да акция катышуучуларын бир нече ирет кармап кетип, айып пул төлөөгө милдеттендирген.

Быйыл март айында Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү менен жолуккан кытай элчиси Чжан Сяо консулдуктун алдында акция өткөрүп жаткан адамдардын туугандары Кытайдын жарандары экенин жана алар "өлкө мыйзамдарын бузууга байланышкан аракеттери үчүн жазаларын өтөп жатканын" айткан. Акция катышуучулары элчинин бул айткандарын сынга алып, туугандарына тагылган айыптар негизсиз экенин билдиришкен.

Шинжаңда миллиондон ашуун мусулман азчылыгы диний жана этникалык маселеге байланыштуу кодулоого дуушар болгону тууралуу 2018-жылы БУУнун комитетинин баяндамасы чыккан. Эл аралык коомчулуктун басымына карабай, Кытайда уйгур, казак, кыргыз сыяктуу мусулман азчылыктарын кысымга алуу күчөп, "кайра тарбиялоо" лагерлеринин саны 40% өскөнүн австралиялык Стратегиялык саясат институту да изилдеген.

Кытай бийлиги муну четке кагып, лагерлерди "кесиптик даярдоо" жана "экстремизмге каршы күрөшкөн борборлор" деп сыпаттап келет.

XS
SM
MD
LG