Ссылки доступа

Тажикстанда укук коргоочу Иззат Амон мунапыс менен эркиндикке чыгышы мүмкүн


Тажикстанда алдамчылык айыбы менен тергөө абагында отурган укук коргоочу Иззат Амондун адвокаты ага мунапыс берүү өтүнүчү менен арыз жазды. Өлкө эгемендигинин 30 жылдыгына карата кабыл алынган "Мунапыс тууралуу" мыйзам 10-сентябрда күчүнө кирген.

Душанбе шаардык сотунун катчылыгы Иззат Амондун иши боюнча сот отурумдары 22-сентябрда аяктап, ага каршы козголгон кылмыш иши токтотулганын кабарлады.

"Арызданган жарандарга Амон 1 миллион 90 миң рубль жана 1 миң доллар карыз болчу. Ал бул сумманы толук төлөп берди", - деп билдирди соттун өкүлү.

Амон бардык карыздарынан кутулганын 23-сентябрда анын адвокаты Саидбурхон Шарифов да ырастады.

Укук коргоочунун жакындары доо арызда көрсөтүлгөн бардык сумманы төлөп беришкенин, жакында ал эркиндикке чыгат деп күтүп жатышканын билдиришүүдө. Ошол эле маалда алар Амонго тагылган айыптоолордун бардыгы менен макул эмес.

Москвадагы тажиктер борборун жетектеген Иззат Амон быйыл 25-мартта Орусиядан Тажикстанга депортацияланган. Тажик бийлиги укук коргоочу эртеси Душанбеде кармалып, ага каршы "Өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык" беренеси боюнча кылмыш иши козголгонун билдирген.

Тергөөнүн маалыматына караганда, Иззат Амонго каршы 12 киши арыз жазган. Алар 2014-жылдан 2020-жылга чейин "кылмыш жоопкерчилигинен бошотуу", "убактылуу каттоо" жана "депортациялоо тууралуу сот чечимин жокко чыгаруу" үчүн Амонго акча беришкенин, бирок эч кандай жардам алышпаганын билдиришкен.

Амондун тарапташтары ал Тажикстандын өкмөтүн сындап жүргөнү үчүн кармалганын, анын ишинде саясий мотив бар экенин айтып келишет.

Видео

Видео

XS
SM
MD
LG