Ссылки доступа

Эрдоган: Түркия менен АКШнын мамилеси татаалдашып баратат


Азыркы багыт америка-түрк мамилелерине "эч жакшылык алып келбейт". Бул тууралуу 23-сентябрда Нью-Йоркто Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган билдирди.

Түрк лидери Анкара менен АКШ президенти Жо Байдендин жаңы администрациясынын мамилеси "туура кадамдардан башталган жок" деп эсептейт. Ал Кошмо Штаттар НАТОнун мүчөсү эсептелген Түркиянын коргонуу тармагындагы керектөөсүн камсыз кылууга жардам бере албаса, Анкара башка өлкөлөргө кайрыла турганын эскертти.

Бул тууралуу Түркиянын Haberturk гезити жазып, эки өлкөнүн ортосундагы мамилелер Түркиянын Орусиядан С-400 ракеталык системаларын сатып алгандан улам жаралганын божомолдогон.

Эрдоган Нью-Йоркто өтүп жаткан БУУнун Башкы ассамблеясынын дебаттарынан чыгып баратып: "Түрк-америка мамилесинде жакшы процесс болуп жатат деп айта албайм",- деди.

Былтыр жыл соңунда Анкара миллиарддаган долларга бааланган С-400 комплекстерин сатып алуу боюнча Москва менен келишим түзгөндөн кийин Дональд Трамптын администрациясы Түркиянын коргонуу өнөр жайына каршы санкцияларды киргизген.

Айрым талдоочулар С-400 — Түркияда да өндүрүлгөн жана НАТО менен АКШ колдонуп жаткан F-35 учактары үчүн коркунуч туудура турганын айтып келишет.

XS
SM
MD
LG