Ссылки доступа

Москвада мигранттарга жаңы төрөлгөн ымыркайлар үчүн 20 миң рублдан берилет


Москванын мэри борбор калаада төрөлгөн ар бир бала үчүн мигранттарга 20 миң рублден төлөп берет. Мындай төлөмдөр үчүн жылына 700 млн. руль кетет. Бул тууралуу Readovka порталы жазды.

Басылманын журналисттери Москвадагы төрөтканаларда чет тилдерде 20 миң рубль төлөм тууралуу жазылган стенддерди жана буклеттерди байкашкан. Ушул эле билдирмелер "Москвадагы төрөттөр" сайтында да жайгаштырылган. Ал азери, англис, вьетнам, дари, казак, кыргыз, тажик, түркмөн жана уйгур тилдерине которулган.

2020-жылы февралда Москва мэринин расмий сайтында борбор калаада төрөлгөн ымыркайлардын ата-энелери төрөтканадан берилүүчү белек топтомунун ордуна 20 миң рублдан компенсация ала алышары жарыяланган.

Эки же андан көп бала төрөлгөн учурда төлөм ар бир ымыркай үчүн берилет. Акча алууну каалаган ата-энелер белек топтомунан баш тартышы керек.

Error rendering VK.

XS
SM
MD
LG