Ссылки доступа

Анжиянда район акими кызматкерлерди үйүндө иштеткени үчүн жазаланды


Анжиян облусунун Бустан районунда көрктөндүрүү башкармалыгынын кызматкерлерин өз үйүндө иштеткен акимдин орун басары жазаланды. Бул тууралуу Өзбекстандын Эмгек министрлиги билдирди.

Анжиян облусунун иш менен камсыздоо башкармалыгы соцтармактарда жарыяланган маалыматты текшеришип, көрктөндүрүү кызматкерлери Бустан районунун башчысынын орун басарынын үйүндө соянын үрөөнүн кургатып, тазалоо иштерине тартылганын аныктаган.

Мындан соң аткаминер 1300 долларга айыппулга жыгылган.

Буга чейин көрктөндүрүү кызматкерлерин үйүндө иштеткени үчүн Анжиян облусунун Кургантепе районунун прокурору кызматтан алынган.

Видео

Видео

Тактазан жайлоосунан кен казуу каршылык жаратты
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:04:19 0:00
XS
SM
MD
LG