Ссылки доступа

Укук коргоочу Валентина Чупик Шереметьеводон кармалды


Валентина Чупик.

Мигранттардын укугун коргоо боюнча иштеген Валентина Чупик ишембиге караган түнү, 25-сентбярда Москвадагы Шереметьево аэропортунан кармалды. Ал Армениядан учуп келген.

Бул тууралуу "Азаттыктын" орус кызматына Чупиктин санаалашы Александр Ким билдирди.

Чупик - Өзбекстандын жараны. Ал Орусияда качкын макамы менен жашап жүргөн. Учуп келгенден кийин ага чек арадан качкын макамынан ажыраганы тууралуу билдирме тапшырылып, өлкөгө кирүүгө 2051-жылга чейин тыюу салынганын айтышкан.

Чупик кармалганы тууралуу айтууга жана ага чек арадан берилген документтин фотокөчүрмөсүн жөнөтүүгө үлгүргөн. Андан кийин Чупик менен байланыш үзүлгөн.

Укук коргоочунун кесиптештери аны жарандык активдүүлүгү үчүн кармап кетишти деген пикирде. Алар Москва Чупикти Өзбекстанга кайтарса, ал жакта куугунтукка жана кыйноого кабылышы ыктымал деп кооптонуп жатышат. Алар укук коргоочуну үчүнчү өлкөгө чыгаруу зарылдыгын белгилешүүдө.

Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, 2021-жылдын алты айында дээрлик 99 миң чет элдик жаранды өлкөгө киргизген эмес. Анын себептери ачык көрсөтүлгөн эмес.

Видео

Видео

Бир класста 40 окуучу. Жаңы конуштардын мектеп көгөйү
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:08:22 0:00
XS
SM
MD
LG