Ссылки доступа

Булак: «Ансоруллах» Тажикстанга кол салууга даярданууда


"Озоди" өз булактарына таянып "Ансоруллах" Тажикстанга кол салууга даярданып жатканын жазды.

"Азаттыктын" тажик кызматы Тоолуу Бадахшан автоном облусунун Чек ара башкармалыгындагы булагына таянып, "Ансоруллах" тобу (Кыргызстанда тыюу салынган диний уюм) Тажикстанга кол салышы мүмкүн экенин жазды.

Маалыматка караганда, тажик бийлиги учурда оперативдик кабарларды иликтеп, ошол эле учурда өлкөнүн күч түзүмдөрүн күжүрмөн даярдыкка келтирген.

Куралдуу жоочулардын кол салышы тууралуу кеп-сөздөр бар экенин Тоолуу Бадахшан автоном облустук администрациянын маалымат катчысы Голиб Ниятбеков дагы "Озоди" радиосуна ырастады.

"Бирок бул болгону имиштер. Мамлекеттик чек ара тилкесинде көзөмөл күчөтүлдү. Облуска мамлекет башчынын келери күтүлүп жатат. Тургундарда кооптонуу жок, баары күнүмдүк иштери менен алек", -деди ал.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун Тоолуу Бадахшанга качан барары белгисиз.

"Талибан" кыймылы Ооганстандын Тажикстан менен чектеш аймагына июнь айында көзөмөл орноткон. Чек аранын бир бөлүгүн талибдер Тажикстанда тыюу салынган "Ансоруллах" тобуна табыштаганын "Озоди" радиосу аныктап чыккан.

Сөз болуп жаткан топтун бир катар согушкерлерине расмий Дүйшөмбү эл аралык издөө жарыялаган.

.

XS
SM
MD
LG